www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун аймагындагы жогорку окуу жайларында окуган миңге жакын студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, студенттердин сабакка катышуусун жана билим сапатын комиссиялык текшерүүдө жогорку окуу жайлардын жана атайын окуу жайлардын талаптарын эске албаган студенттер аныкталган.
Тактап айтканда, 2024-2025-жылдагы окуу мезгилиндеги 941 студент окуудан чыгарылган. Анын ичинен:
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен — 779 студент;
Ж.Баласагын атындагы КУУнун гуманитардык-табигый илимдер факультетинен – 114 студент;
И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинен — 48 студент.
УКМК жер-жерлерде билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планынын алкагында иштерди улантууда.