www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу тарабынан топурактын сапатын аныктоочу агрохимиялык лаборатория ишке берилди.

Маалыматка ылайык, жаңы лаборатория дыйкан-фермерлерге топурактын абалын илимий негизде баалоого шарт түзөт.

Лабораторияда топурактын курамындагы негизги азык элементтери, органикалык заттар, кычкылдуулук деңгээли жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнө таасир этүүчү башка көрсөткүчтөр аныкталат.

Алынган анализдердин жыйынтыгынын негизинде фермерлер жер семирткичтерди туура жана илимий негизде колдонуп, чыгымдарды кыскартууга, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат.

Лабораториянын ачылышы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана фермерлерге көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган.

Последние новости