www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө суу астынан 920 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылында жайгашкан “Золотые пески” пляжында суу астын тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн түбүнөн жалпы салмагы болжол менен 920 килограммды түзгөн ар кандай таштандылар чыгарылган.

Адистердин маалыматына ылайык, тазалоо учурунда синтетикалык балык уулоо торлору табылган эмес.
Экологиялык кызматтар аймактагы экологиялык абалды жакшыртуу жана Ысык-Көлдүн жээгин таза кармоо максатында мындай иш-чаралар мындан ары да улантыларын белгилешти.

Последние новости