www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак-Суу районундагы «Ак-Булак» ишканасында жүргүзүлгөн пландан тышкаркы текшерүүнүн жыйынтыгында экологиялык талаптардын бузулганы аныкталды.
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Ысык-Көл облустук Экологиялык-техникалык көзөмөл кызматы Ак-Суу районунун Башарын участогунда жайгашкан «Ак-Булак» ишканасында пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында айлана-чөйрөгө агынды сууларды чыгаруу тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 28 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, жер пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн ишканага 13 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Жалпысынан салынган айып пулдардын суммасы 41 миң сомду түздү.
Ошондой эле жер кыртышынын бузулушунан келтирилген зыянды өндүрүү максатында ишканага 7 миң 200 сом өлчөмүндө доо коюлду.