www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл районунун Шайыбек-Ата айыл аймагында жайгашкан эс алуу жайларынын ээлери менен Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) кызматкерлеринин катышуусунда тегерек стол уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты — жайкы туристтик сезонго сапаттуу даярдык көрүү, коопсуздукту камсыздоо жана эс алуу жайларында видеобайкоо системаларын орнотуу маселелерин талкуулоо болду.

Тегерек столдун жүрүшүндө РИИБ кызматкерлери эс алуу жайларынын ээлерине коомдук коопсуздукту жогорулатуу максатында видеобайкоо камераларын орнотуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана ыкчам чара көрүү үчүн заманбап технологияларды колдонуу зарылдыгы айтылды.

Мындан сырткары, катышуучуларга жайкы туристтик сезон учурунда тартипти сактоо, конокторго сапаттуу тейлөө көрсөтүү, санитардык талаптарды аткаруу жана өз ара кызматташтыкты күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар коюлду.

Последние новости