www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Ата районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо кампаниясы расмий түрдө башталды.
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Бек Джекшембаев жана район акими Алмазбек Рахманкулов Кочкорбаев айыл аймагындагы талааларда жүрүп жаткан жыйноо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Маалыматка ылайык, быйыл район боюнча жалпы 21 575 гектар кылкандуу дан эгиндери айдалган, анын 8 186 гектарын буудай түзөт.
Район акими Алмазбек Рахманкулов дыйкандар үчүн бардык зарыл шарттарды камсыздоону тапшырды жана жыйноо иштерин өз убагында жана үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.