www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-декабрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча 23:15те Япониянын түндүгүндө 7,5 магнитудадагы жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Премьер-министр Санаэ Такаити билдиргендей, кеминде 30 адам түрдүү деңгээлдеги жаракат алышты. Каза тапкан же дайынсыз жоголгондор тууралуу кабарланган жок. Жер титирөөнүн очогу Тынч океанда, Аомори префектурасынын жээгинен алыс эмес, 50 чакырым тереңдикте болгон.
Өлкөнүн чыгыш жана түндүк-чыгыш жээктерине цунами коркунучу жарыяланып, Аомори, Иватэ жана Хоккайдо префектураларына 3 метрге чейинки толкундар келиши мүмкүн деп эскертилген. Кийинчерээк бардык аймактар үчүн цунами тууралуу эскертүү алынып, жээкке жеткен эң бийик толкундар 70 сантиметрди түздү.
Чыгыш жана түндүк-чыгыш аймактарда темир жол каттамдар убактылуу үзгүлтүккө учурап, жогорку ылдамдыктагы “Синкансэн” поезддеринин кыймылы токтотулган.