www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун аймагында каракчылык фактысы менен эки жаран камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрь күнү Токтогул РИИБне Сузак районунун 2007-жылы туулган Ч.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2025-жылдын 13-ноябрь күнү саат 23:50 чамасында өзүнө бейтааныш болгон 20-25 жаштагы балдар тарабынан ур-токмокко алынгандыгын билдирген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 2007-жылы туулган Ч.Т. аттуу жаран 2025-жылдын 13-ноябрь күнү саат 23:50 чамасында, Сузак районунда жайгашкан айланма жолдо, өзүнүн Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаасы менен такси кызматын көрсөтүп иштеп жүргөн учурда, бейтааныш 20-25 жаштагы эки бала Шамалды-Сай шаарына жеткирип коюсун айтып унаасына отурушкан. Жолдо бара жатып, Бүргөндү айыл аймагына жеткенде унаанын артында отурган балдардын бирөө аны жип менен муунтун, экөөлөп ур-токмокко алып, денесине жаракат келтиришкен жана колу бутун байлап, унаанын арканкы орундугуна жаткырып, Бишкек шаарын көздөй жол алышкан. Жолдо бара жатып Жайыл районунун Суусамыр участкасына жеткенде автоунаанын дөнгөлөктөрү жарылып, эки бала уктап калган учурда, Ч.Т. автоунаадан качып түшүп, жолдон жүк ташуучу автоунаа менен Токтогул районуна келип милицияга кайрылгандыгы маалым болгон.

Кылмышка шектелип, 2025-жылдын 16-ноябрь күнү аталган кылмыш ишине шектүү катарында, Чүй облусунун 2006-жылы туулган М.А. жана 2008-жылы туулган Н.А. аттуу тургундары кармалып, Ноокен райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Последние новости