www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ал өз сөзүндө, массалык маалымат каражаттары айтып жаткандан да абал көйгөйлүү, коркунучтуу экенин билдирди.

«Ушундай башыңа мүшкүл иш түшкөндө сени колдоп турса жеңилдеп калат экенсиң. Силерге ыраазычылык билдирем, биз бул колдоону эч качан унутта калтырбайбыз. Мен ар дайыма Кыргызстанды колдойм!», - деп кайрылды түркиялык бир тууган.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетин жоюуга жардам көрсөтүү үчүн дагы 100 куткаруучу жөнөтөт. Бул тууралуу президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

 

Ал буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 67 куткаруучусу барып, үч күндөн бери иштеп жатканын белгиледи. Абытовдун айтымында, ушул жекшембиде дагы 100 куткаруучу атайын борт менен учуп кетүүгө даярдык көрүп жатат.

Эске салсак, 2023-жылдын 6-февралынын таңында Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен зилзала болгон. Түш ченде кайра кайталанган. Мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң күчтүү жаратылыш кырсыгы болуп калды.

Соңку маалыматтарда 12 391 адам каза таап, 62 914 киши жаракат алганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости