www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмоктогу ири өрттү өчүрүүгө 117 өрт өчүрүүчү тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, Токмок шаарына жакын жайгашкан "Заказник" мамлекеттик жаратылыш аймагында өрт чыккан. Бул аймакта шамал болуп тургандыктан өрт жайылып, бир топ аймакты каптап кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен кырсык катталган аймакка кошумча күч-каражаттар жөнөтүлдү.
Учурда жалпысынан 117 кызматкер, 5 өрт өчүрүүчү унаа, 2 суу ташуучу унаа, 1 ППУ, 2 дрон, 2 көчмө насостук станция жана 2 техника иштеп жатат.