www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куткаруучулар шахтанын урандысынан кенчилерди аман-эсен курткарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, күн мурун Баткен облусунун Сүлүктү шаарында “Адахан” шахтасы урап, ичинде адамдар калып калганы тууралуу маалымат кабарланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары шахтанын 110 метр тереңинде калган 4 адамдын өмүрүн сактап калышты.

Куткаруучулар алгач жер алдында калган Сүлүктү шаарынын тургундарын дем алдыруу максатында, түтүк менен жер алдына аба жеткиришкен. Күжүрмөндүк менен уранды тазаланып, кенчилерди чыгарууга жол ачып, түнкү саат 23:05те аман-эсен чыгарып алышкан.

Последние новости