www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балта капчыгайындагы карагайлар күйүп жатат. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине күбөлөр билдиришти.

Билдирүүгө ылайык,  бүгүн, 8-июлда болжол менен саат 14:30 чамасында кадимки Ош жолундагы Кара-Балта капчыгайында карагайлай өрттөнүп жатканын видеого тартып алган.

Күбөнүн айтымында, өрттүн башталганына  6-7 саат болгон. Себеби, өрт бир кыйла өйдөлөп, этектеги карагайлар күйүп  калган.

"Капчыгайды түтүн каптап атат. Өрт өчүргүчтөр деле жок. Бул жаңы эле чыга калган өрт эмес. Бери жагы эле 6-7 саат өткөндөй", - деди ал.

Бул боюнча тийиштүү жактарга кайрылып, бирок жооп ала алган жокпуз. Өрт эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости