www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларустун президенти Александр Лукашенко чоң саясаттан кетпей турганын РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
Тарыхта өз атын кантип сактап калууну ойлойсуз деген суроого жооп берип жатып беларус лидери бул тууралуу ойлонбогонун айтты.
«Чынын айтсам, ант берем! Мен бул жөнүндө ойлонбойм, анткени мен чоң саясаттан кетейин деп жаткан жокмун, тилекке каршы, бүгүнкү күндө биздин алдыбызда кыйын кезең турат», - деди ал.
Лукашенконун айтымында, ал «бул мамлекеттин жаратуучусу» болгусу келет.
Ошол эле маалда Беларус президенти келерки президенттик шайлоого катышаар-катышпасын азырынча чече электигин, бул өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу экенин билдирди.
Булак: NazarNews.kg