www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунун тургуну “Якын-инкар” агымынан өз каалосу менен чыкты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 24-июндан 26-июнуна чейининки аралыкта Кара-Суу РИИБдин экстримизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Экстремист” аталыштагы ыкчам алдын алуу операциясынын жүрүдү.

РИИБдин ЭММКАКта  диний экстремизм боюнча (КР КЖКнин 299-беренеси, сот жоопкерчилигине тартылып, бүгүнкү күндө алдын алуу тизмелик (профилактикалык) каттоосунда турган) Кара-Суу районунун тургуну 44 жаштагы И.А., аттуу жаран өз каалосу менен аталган агымдан чыкты. Бул тууралуу өзүнүн видео кайрылуусун билдирип, мындан кийин бул агымга эч кандай тиешеси жок экендиги боюнча кайрылуу жасаган.

Аталган жагдай боюнча ал жаран менен алдын алуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кара-Суу РИИБдин ЭММКАК кызматкерлеринин каттоосунан чыгарылды. 

Азыркы күндө райондун аймагындагы ушул жаранга окшоп адашып башка жолго кетип калган жарандар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости