www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте кызыл зонада иштеген дарыгер сабалды. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине анын кесиптештери билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя №1-шаардык клиникалык ооруканада 12-июлга караган түнү болгону белгилүү болду. Ооруканага ичтин оорушу жана диарея боюнча даттанган өспүрүм баланы алып келишкен, ал эми дарыгерлер аны башка ооруканага жиберишкен. Себеби  ал жерге коронавирус жана пневмония менен жабыркаган бейтаптар гана жаткырылат.

«Баланын мас абалындагы тууганы анын башка ооруканага жиберилгенине нааразы болуп, доктурга кол көтөргөн. Кызыл зонада иштеген дарыгердин коргоочу кийимин айрып салышкан. Дарыгер арыз жазуудан баш тартты», - деп кабарлашты алар. 

"Дарыгерлер бейтаптарга жардам берүүнүн ордуна кесиптешине кол салган киши менен алек болушту. Мындай кырдаалда кыргызстандыктарды сабырдуу болууга, дарыгерлерди туура тушүнүүгө чакырабыз. Бейтаптын туугандары тарабынан кол салган учурлар кездешип турат. Азыркы учурда бизге да оор болуп жатат", - деди маанайы суз дарыгер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости