www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте милиция балдар паркында сатуучу кызды калькулятор менен башка чапкан кишини кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, буга чейин окуянын видеосу социалдык тармактарга тараган. Ал видео байкоо камерасына түшүп калган.
Милициядан билдиргендей, окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен каттоого алынган.
Милиция чыр салган киши 29 жаштагы А.А., экенин аныктап, Октябрь РИИБинин жорук иштери боюнча бөлүмүнө алып келген.
Мындан тышкары, кыздын алган жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок жабырлануучу ден соолугуна өтө чоң зыян келбегенин айтып, экспертизадан өтүүдөн баш тартканы белгиленди.
Тергөө иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg