www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактаын колдонуучусу Темирлан Бектурганов белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова тууралуу жасалган иликтөөнүн видеотасмасын жарыялап, билдирүү калтырды.

“Эл журт какой ПОЗОР!!! Карылар үйүнө деп Рамзан Кадыров берген 30 миң долларды жеп коюптур Ассоль деген куу түлкү! Чеченстандын журналисттери ийне жибине чейин иликтешиптир. Ассоль сен кыргыз элин уят кылган аферисткасыңбы?”,-деп суроолуу билдирүү калтырды.

Видеотасмага көз чаптырсак, анда Ассоль Молдокматованын Кыргызстандагы карылар үйүндө жашаган чечен улутундагы карыяны таап, аны өлкөсүнө жөнөтүүгө жардам бергени тууралуу айтылган. Анда бул окуяда Ассоль Молдокматованын жеке кызыкчылыгы болгон деген божомолдор айтылган.

Эске сала кетсек, июнь айында Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Чеченстанда туулган карыя тууралуу видеотасма чыгарган. Анда 81 жаштагы Битаев мекенине баргысы келерин билдирген. Ал 1944-жылы Кыргызстанга депортацияланып келип калган. Бул кабар Рамзан Кадыровго жеткенден кийин аксакалдын Грозныйдан туугандары табылып, Чеченстан башчысы аны мекенине алып келүүнү тапшырган.

Аталган карылар үйүндө чеченстандык Данга Битаев 10 жыл бою күн кечирген. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тапшырмасы менен Бишкекке атайын учак келип, карыяны алып кеткен.

Чеченстандагы "Ахмат ажы Кадыров" атындагы коомдук аймактык фонд Бишкектеги карылар үйүнө 30 миң доллар которгон.

Ошондой эле, Рамзан Кадыров Бишкектеги карылар үйүнө керектүү буюмдарды расмий түрдө тапшырары тууралуу айтылган.

Рамзан Кадыров тарабынан берилген Данга Битаев жашаган карылар үйүнө - минивэн, муздаткычтар (холодильник), телевизор, кир жуугуч машина, идиш-аяк, компьютер, кийим-кече, бут кийим, стол, отургуч жана башка көптөгөн белектерди расмий түрдө тапшыруу аземи болору маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости