www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мажбурлап алып келүү боюнча биргелешкен иш-аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кармалган учурдагы тасма социалдык тармакка тарады. 

Алгач сүйлөшүү генерал Курсан Асанов менен болгон жана тасмадан Атамбаевдин балдарыма тийбе деген сөздөрү  жазылган.

УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жыйынтыгында 40 тан ашуун жаран жаракат алып, бири кизи каза таап, милиция кызматкери оор абалда.

УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастап, операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок экендигин жарыя кылган.

Башкы прокуратура 7-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу үчүн массалык башаламандык уюштургандарга Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Атамбаевдин тарапташтарынын УКМКнын кызматкерлерин туткунга алышы да Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси ("Туткунга алуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин тизмесинен орун алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости