www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтылуу “Мелис байке” терминин унута элексиңерби? Ак түстөгү Lexus унаанычы? Чодронованычы? Булар 4-5 жыл мурун жергиликтүү хит-параддын сап башында болгон.

Анда аталган унаанын айдоочусу Чодронова атуу айым жайдын аптаптуу ысыгында унаасы менен жолдо жүрүүнүн бир дагы эрежесин сактабай, калаа тургундарынын өмүрүнө коркунуч жараткандыгынан улам МАИ кызматкерлери тарабынан кармалып, жарга такалганда “Мелис байкеме айтам” деп кыялын көрсөткөн. Анда Мелис Турганбаев Бишкек ШИИББинин башчысы эле. Ал жерде ошол кездеги ИИМ министри Суранчиевдин дагы ысымы аталган. Бирок “Мелис байке” популярдуулукка ээ болуп, хит-парадды “жарып”, жылдызы жанган. Кийин маалым болгондой, Чодронованы кармаган МАИ кызматкерлери бул "эрке" айымдын айынан иштен дагы айдалган жайы бар.

Океңдерде “всё новое – это хорошое старое забытое” – дегендей “Мелис байке” термини дагы деле актуалдуу экен. Дегенибиз, Жогорку Кеңештин депутаты, жакында Грузияда өткөн ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күрөш боюнча коло медалдын ээси Тазабек Икрамов НТС телеканалына интервью берип, “Мелис байке жакында 56-60 жаш курактагылар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду. Дүйнө чемпиону болуу оңой эмес,  сезимдер башка. Мелис байке мага мотивация берди, Мелис байке...”, - деп өткөн-кеткенди эске салдырып, айтылуу “Мелис байке” менен Чодронованы эстей калып, көзгө жаш алдык...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости