www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жаңы «Бишкек Арена» стадионунда өтөт. Бул тууралуу оюндардын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен болгон жолугушууда билдирди.

Стадион оюндардын маданий программасынын жети негизги аянтчасынын биринчиси болот.

Буга чейин объекттин курулушун 1-сентябрга чейин бүтүрүү пландалып жатканы кабарланган.

«Стадиондогу ачылыш аземди уюштуруу Президенттин иш башкармасына жүктөлдү, калган бөлүгүн 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Маданият министрлигинин штабы өткөрөт», - деди Максүтов.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов буга чейин 31-августта стадиондо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи гана өтөрүн кабарлаган. Мамлекет башчыларынын катышуусунда  командалардын парады өтөт, андан кийин чакан концерттик программа тартууланат.

Стадиондун өзүнүн расмий ачылышы сентябрь айынын аягында өтөрү айтылган.

Последние новости