www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында айдоочулар арасында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Бишкек шаардык муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү тарабынан уюштурулду.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, кызматтык унаалардын техникалык абалын талаптагыдай сактоо жана жол эрежелерин так аткаруу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Мындан тышкары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн чет өлкөлөрдөн келген делегацияларды тосуп алуу жана белгиленген маршруттар боюнча коштоп жүрүү учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.
Тиешелүү кызматтарга оюндардын жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү боюнча көрсөтмөлөр берилди.