www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2595 адамга жетти. Бул тууралуу 2-июлда өлкөнүн убактылуу президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригес билдирди.

«Бул биз эч качан элестете албаган масштабдагы табигый кырсык болду. Өлкөбүздө күчтүү жер титирөө болушу мүмкүн экенин билгенбиз, бирок анын кесепети мынчалык оор болот деп күткөн эмеспиз», — деген Родригестин сөзүн Reuters агенттиги келтирди.

Родригес дайынсыз жоголгондордун так санын атаган жок. Буга чейин 2295 адам каза болуп, 11,2 миңден ашуун киши жаракат алганы кабарланган.

Венесуэладагы күчтүү жер титирөөлөр 24-июнда катталып, өлкөдө XX кылымдын башынан берки эң кубаттуу сейсмикалык кырсык катары бааланууда. 1-июлга карата курмандыктардын саны 2295 адамга жетип, 11,2 миңден ашуун киши жабыркаган. Ал эми БУУнун курамындагы Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, бул кырсык 6,7 миллионго чейин адамга таасирин тийгизиши мүмкүн.

Последние новости