www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук онкология жана гематология борборунда боордун жергиликтүү жайылган альвеококкозунун оор түрүнө чалдыккан бейтапка 12 саатка созулган татаал реконструктивдик операция ийгиликтүү жасалды.
1973-жылы туулган бейтаптын оорусу боордун бир нече сегментин, ири кан тамырларын жана өт жолдорун жабыркатып, абалы механикалык сарык менен да татаалдашкан.
Операциянын жүрүшүндө дарыгерлер боордун жабыркаган бөлүктөрүн, төмөнкү көңдөй венаны, боор венасын жана өт жолдорунун бир бөлүгүн алып салышты.
Андан соң кан тамырлар менен өт жолдору кайра калыбына келтирилди.
Татаал операцияга Кыргызстандын алдыңкы медициналык мекемелеринин гепатобилиардык жана кан тамыр хирургдары, ультраүндүк диагностика боюнча дарыгер жана анестезиолог-реаниматологдор катышты.
Буга чейин бейтапка оорунун өтө татаалдыгына байланыштуу бир нече жолу операция жасоодон баш тартылган.
Дарылоонун жалгыз мүмкүн болгон жолу катары боорду трансплантациялоо каралып келген.
Чет өлкөдөн медициналык жардам алуу аракети да натыйжа берген эмес.
Учурда бейтаптын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.
Ал дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө калууда.