www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алай округунан депутат болуп келаткан Улан Примовго карата соңку убактарда сын-пикирлер арбый баштады. Парламентти таратууга демилгечилик кылганы, кайра шайлоого аттанууга белсенгени аңыз кепке айланды.
Соцтармакта Улан Примовдун түштүк жергесиндеги көмүр кени талкууга алынып, элдин энчисин ээлеп алганы айтылып атса, жооп берип койбойбу? “Кара алтындын” аркасы менен байып, мартаба күтүп, карапайым калкка тапканынын күкүмүн гана себелеп койгону ыраспы?
Албетте, бул боюнча атайын органдар иликтөө-тергөө кылышып, чын-бышыгына жетиши керек. Биз болгону коңгуроо гана какмакчыбыз.
Айтмакчы, Улан Примов байбачадай мүнөз күтүп, өзүн элдин сүймөнчүгү катары эсептегени, 30-ноябрдагы шайлоодо оңой-олтоң гана жеңишке жетерине ишеним жараткандай.
“Кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” демекчи, алдыдагы бакытты, мансапты так кесе болжоо да кыйын. Алай тараптан элге алынган жаш талапкерлер чыгышса, эскилерди ээрден оодарышса, мындай көрүнүш деле мыйзам ченемдүүлүк катары сыпатталса керек. Аламан байге жакындай берсин, анан калганын ошондо анализ кылалы.
"Азия Ньюс" гезити