www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Конгресси өткөн ишембиде Киевге деген 300 миллион долларлык финансылык жардамдын пакети өткөн жылы ноябрда өлкө өкмөтү шатдаунга кабылбашы үчүн жумшалып кеткен. Бул туурасында РИА Новости Politico гезитине таянып жазды.

Басылманын журналистине аталган кырдаал боюнча АКШ президенти Жозеф Байдендин администрациясынан атын атагысы келбеген аткаминер айтып берген.

"Украинанын коопсуздугуна көмөктөшүү демилгесинин алкагында бөлүнгөн акча Байден жекшембиде кол койгон 1,2 триллион суммасындагы өкмөттүк бюджеттин пакетине кирген. Чын-чынына келгенде акча Пентагон убактылуу финансылоону улантуу резолюциясын иштеп чыккан учурда, ноябрда эле түшкөн", — деп жазды басылма.

Гезиттин маалымат булагынын айтымында, акчаны "азыр алып колдонсо болот".

Басылма каражатты бөлүү чындыгында символикалуу мүнөздө эле болгонун, аны колдонсо деле согуш талаасында эч нерсе өзгөрүп кетмек эместигин белгилеген.

Өкүлдөр палатасынын спикери республикачы Майк Жонсон жана Сенаттагы демократтык көпчүлүктүн лидери Чак Шумер буга чейин 2024-жылга өкмөттүн ишин 1,66 триллион долларга каржылоону макулдашууга жетишкен. Бул процесс АКШда 2023-жылдан тарта эле башталган. Анткен менен Капитолийдеги конгрессчилердин шатдаун башталганга чейин комплекстүү бюджетти кабыл алып койгонго убактысы жеткен эмес. Андыктан мыйзамчыларга финансылык жылда үчүнчү деп эсептелген убактылуу резолюцияга кайра өтүүгө туура келген.

АКШда акчанын жоктугунан өкмөттүк мекемелердин ишинин токтоп калышын шатдаун деп аташкан. Мындай учурда мамлекеттик кызматкерлерге айлыксыз иштөөгө туура келип, калгандарын айласыздан улам эмгек өргүүгө жиберишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости