www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аскердик-медициналык кызматы медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында заманбап хирургиялык технологияларды кеңири жайылтууда.

Мекеменин маалыматына ылайык, госпиталда жогорку квалификацияны жана алдыңкы медициналык жабдууларды талап кылган татаал хирургиялык операциялар ийгиликтүү аткарылып жатат. Өзгөчө көңүл минималдуу инвазивдүү хирургияны өнүктүрүүгө бурулуп, бул ыкма операциялык жаракатты азайтып, бейтаптардын тезирээк сакайып кетишине шарт түзөт.

Ошондой эле Аскердик-медициналык кызматта бир операциянын жүрүшүндө бир нече медициналык маселени чечүүгө мүмкүнчүлүк берген комплекстүү симультандык лапароскопиялык операциялар ийгиликтүү колдонулууда.

УКМК белгилегендей, заманбап технологияларды киргизүү, адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана дарылоо-диагностикалык процессти өркүндөтүү медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын эл аралык стандарттарга ылайык камсыздоого мүмкүндүк берүүдө.

Последние новости