www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматка талапкерлерге коюлган талаптар күчөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бактыгүл Үсөналиева маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын 31-декабрында кабыл алынган мыйзамга ылайык, мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы кылмыш жасаган адамдын соттуулугу жоюлган же алынган болсо да, бул маалымат мамлекеттик кызматка кабыл алууда милдеттүү түрдө эске алынат.

Ошондой эле кылмыш иши реабилитациялоочу эмес негиздер менен токтотулган жарандар да мамлекеттик кызматка кабыл алынбайт.

Белгиленгендей, жаңы талаптар аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарына да тиешелүү. Аталган түзүмдөргө кызматка кабыл алууда талапкердин жакын туугандары тууралуу маалымат, ошондой эле алардын соттуулугунун бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат талап кылынат.

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости