www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүлүктү шаарындагы мурдагы нан заводу мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Сүлүктү шаарынын мурдагы нан заводу мамлекеттин балансына кайтарылды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган нан заводу 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жер кодексин бузуу менен ачык аукцион аркылуу жеке менчикке берилгени аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Сүлүктү шаарында жайгашкан 0.32 га аянты бар заводдун аймагы ыктыярдуу түрдө Сүлүктү шаарынын мэриясынын балансына кайра каттоодон өткөн.

Последние новости