www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 17-апрелинде
Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Антитеррордук борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси 2026-жылга кызматташтык планына кол коюшту.
Документке Кыргыз Республикасынын УКМКсынын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, генерал-майор А.Т. Эрбаев жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Фолькер Фробарт кол коюшту.
Планды кабыл алуу тараптардын көп жылдык ийгиликтүү кызматташтыгынын логикалык уландысы болуп, Кыргыз Республикасында туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого болгон өз ара берилгендигин тастыктайт.
Салтанаттын жүрүшүндө тараптар өз ара ишенимдин жогорку деңгээлин жана буга чейинки биргелешкен долбоорлордун натыйжалуулугун белгилешти.
Бул долбоорлор коопсуздук тармагындагы улуттук институттардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Планды ишке ашыруу өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана толук ачыктык принциптеринин негизинде жүргүзүлөт.