www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Индиянын жарандары кармалды

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Индия Республикасынан баңги заттарын ташып келүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңги заттарды таратуу жана сатуу менен алектенген чет өлкөлүк жарандар кармалышты.

Тактап айтканда, өлкө аймагындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган чет элдик жарандардын (Индия Республикасынын жарандары) «Indianproduct» дүкөнү (Instagram социалдык тармагында) аркылуу баңгизат сатуу менен алектенип жүрүшкөндүгү аныкталган.

Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында Индия Республикасынын эки жараны кармалды, алар: - 2006-ж.т. «D» жана 2003-ж.т. «S.M.». Кармалгандардын жашаган жерин тинтүү учурунда болжол менен 1 кг өлчөмүндөгү баңги зат каражаттары (кара куурай чайыры «гашиш»), ошондой эле психотроптук баңги заттар табылган.

Учурда баңги заттарды ташып келүүнүн жолдору, ошондой эле ташууга жана таратууга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

       

Последние новости