www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн контрчалгындоо иш-чараларынын жүрүшүндө ири пара алуу фактысы катталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн инспектору Д.М.Ы Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында жүргүзүлгөн пландуу текшерүү учурунда айрым финансылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн 900 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган деп шектелүүдө.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту (ири өлчөмдө пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

2026-жылдын 26-июнунда шектүү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери уланууда.

УКМК мамлекеттик жана муниципалдык органдарда коррупцияга каршы күрөш системалуу негизде жүрүп жатканын белгиледи.

Последние новости