www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Москва районундагы "Кыргызмунайзаттын" Беловодск мунай базасы мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында "Кыргызмунайзаттын" Беловодск мунай базасы мамлекеттик баланска кайтарылды.
2004-жылы Москва районунун Петровка айылында жайгашкан, имараттары жана курулмалары (сыйымдуулугу 36 миң. 200 тонна мунай продуктулары үчүн резервуарлар) бар, 7,7 гектар аянтты ээлеген мунай базасынын аймагы, мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ич ара сүйлөшүүсүнүн натыйжасында баасы төмөндөтүлүп, тиешелүү тендердик жол-жоболорду жүргүзбөстөн мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.
Ошентип, менчик ээлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдик иш-чаралардын алкагында аталган мунай иштетүүчү завод мамлекеттик баланска кайтарылды.