www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ШИИБнин Свердлов РИИБнын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтык шалаакылык жана кызматтык документтерди жасалмалоо фактылары боюнча, Бишкек ШИИБ Свердлов РИИБнин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 3-бөлүгүндө (башка кылмышты жашыруу же аны жасоого көмөктөшүү) каралган кылмыш белгилери боюнча КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек ШИИБнин Свердлов РИИБнын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтык шалаакылык жана кызматтык документтерди жасалмалоо фактылары боюнча, Свердлов РИИБнын милициянын лейтенанты «А.у.К.», милициянын лейтенанты «К.А.Т.» жана милициянын капитаны «К.М.К.» аттуу 3 кызматкер кармалды.

Кармалгандар КР УКМКнын тергөө камагына кармалды. 

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери козголуп, керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости