www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мыйзам Нуру» антикоррупциялык коомдук бирикмесинин мүчөсү (аял киши) кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы 9-февралда билдирди.
Расмий маалымат боюнча, Т.Г.Б. Жалал-Абад облусундагы бала бакчанын жетекчисинен акча каражатын талап кылган. Эгерде андан баш тартса, укук коргоо органдарына ал тууралуу маалымат бере турганын айтып коркуткан.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап талап кылуу) менен катталып, шектүү акча каражатын алып жаткан учурда кармалды. Ал убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg