www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Аламан улак федерациясы түзүлдү

Өлкөдө аламан улак оюнун уюштуруу жана өткөрүү иштерин жөнгө салууга багытталган жаңы жобо жана регламенттер иштелип чыгып, бекитилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.

«Аламан улак оюнунун өткөрүүдө бирдиктүү регламент жана эрежелердин жоктугунан командалардын ортосунда түрдүү чыр-чатактар чыгып, кээ бир учурларда оор жаракаттардан улам адам өлүмүнө алып келген учурлар катталууда.

Оюнду уюштурууну жана өткөрүүнү иретке келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

Бул аракеттер катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, системалуу тартип бузууларга жол бербөөгө, мелдештерди уюштурууда калыстык менен ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган.

Негизги чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт:

Оюндун так эрежелерин белгилөө;

Уюштуруучуларга жана катышуучуларга милдеттүү талаптарды киргизүү;

Эрежелерди бузгандыгы үчүн жазаларды күчөтүү;

Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүү.

«Аламан улак федерациясы» коомдук уюму расмий каттоодон өтүп, Исмаилов Чолпонбай Адишович федерациянын президенти болуп шайланып, УКМКнын кызматкери федерация президентинин кеңешчиси кызматына дайындалды», - дейт УКМК.

Последние новости