www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үйдүн намысы деген эмне?

Улгайган бир кемпир акырын бөлмөсүнөн чыкты. Конок бөлмөсүнөн небереси менен келининин үндөрү угулуп жатты:

- Уулум, дасторкон даяр, тамагыңды куюп койдум. Кел, муздап кала электе ичип ал...

Муну уккан чоң эне бөлмөнүн бурчуна айылдан кошо көтөрө келген жер төшөктүн үстүнө олтурду. Небереси чоң энесин көрө калып:

 - Чоң эне, келиңиз, чогуу тамак ичели, - деди.

Кемпир маанилүү үшкүрүнгөн соң:

-Үйдүн эркеги келгиче кечки тамакка олтурулбайт. Атаңар келсин, чогуу тамактанабыз, Кудай буюрса... - деди.

Келини:

- Ай, коюңузчу апаке, илгери ошондой экен го!.. Азыркылар ачка болгондо дасторконго олтура беришет, атабыз келгенде жейт да.

Кемпир:

- Кызым, адамдардын кандай адеби бар болсо, үйлөрдүн да намысы жана адеби болот.

Небереси чыдабай, мазактагансып сөзгө кошулду:

-Апээй да, чоң апа? Үйдүн намысы деген эмне экен, айтып бериңизчи кана, кызык болуп жатат.

Кемпир сөздү баштады:

- Биз кичине кезибизде апаларыбыздан мурун аталарыбыздын каршысында адептүү олтурганды үйрөндүк. Үйдө ата-энебиз барда бутту сунуп олтурбай, улуулар сүйлөп жатканда сөз укугу берилмейинче, сөзгө аралашчу эмеспиз. Улуулар бөлмөгө киргенде дароо тура калып орун берчүбүз. Эч качан атабыз дасторконго олтуруп даам ооз тийгиче, дасторконго кол узатчу эмеспиз. Атабыз келип: “Бисмиллах” деп ооз тийип, анан “келгиле, тамактан алгыла!” дечү. Ошондо гана жыргап тамак иче баштачубуз. Тамак ичип бүткөн соң, бир туугандар менен кезектешип дасторкон дубасын окуур элек. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн толук олтуруп жеген тамагына эч нерсе жетпейт го, чиркин. Бул дасторкон адеби болуп саналат балам.

- Ушунчалык басым кылынса, депрессия болчу белеңер анан?, - деп сурады небереси.

- Жок балам, биздин учурда сый болгон үчүн сүйүү да түбөлүк болчу. Сүйүү бар болгон соң депрессияга кирген эч ким кездешчү эмес. Тамактар даамдуу, уйкулар таттуу, эс алдыруучу болчу. Билесиңби, мен “депрессия” деген сөздү алгач ирет ушул жактан уктум, жадагалса айылда бир кем акыл адам бар эле, "жинди Ыбрайым" дешчү аны. Бирок, ал деле ушундай бактылуу адам болчу дейсиң, керээли кечке көчөдө балдар менен ойноп, ачка болгондо каалаган үйдүн эшигин такылдатып: "Ава, курсак ачты, тамак берчи" дээр эле. Ал кайсы гана үйдүн эшигин такылдатпасын куру кол жөнөтүлчү эмес. Чач тарач анын чачтары өсүп кетсе кыскартып, мончочу киринтип, тазалап коер эле. Жума күндөрү соодагерлер колунан жетелеп, жума намазга да алып барышчу. Кыскасы, эч ким аны жээричү эмес. Азыр болсо эч нерсеге сый-урмат калган жок. Мына, карачы, үйлөрдө да сый жок бул шаарда. Кеч кирсе да, эч ким терезенин пардаларын жаап койбойт, үйдүн ичи бүт көрүнүп турат, бирок эч ким уялбайт. Биз болсо күүгүм кире электе калың пардаларды жаап, үйдүн жарыгын күйгүзүп коер элек. Жадакалса, терезенин пардасы жабык болсо да кийимибизди которгондо, жарыкты өчүрүп, жерге тизелеп олтуруп, анан алмаштыраар элек. Көлөкөбүз дагы сыртка көрүнүп калса жүзүбүз кызарып, уялаар элек.

Ошол убакта келини олтурган жеринен турду дагы, уялыңкы башын шылкыйта бөлмөнүн терезелеринин пардаларын жапты.

- Үйдүн адеби, пардалардын жабылып-жабылбаганынан билинет" дешчү улууларыбыз. Үйлөр бийик-бийик дубалдар менен курчалса дагы эч ким ич кийимдерин көз-көрүнө асчу эмес. Үй тургундарынан да уялышчу. Мен кичинемде ич кийимимди жууп, эң алдыңкы кермеге жайып койсом, апам келип: "Кокуй, бул эмне кылганың? Атаң короого чыгыптыр, сенин ич кийимдериң илинип турат, уялганымды кантейин, кирээрге тешик таппай калбадымбы... Экинчи кайталанбасын, ич кийимиңди эң аркадагы кермеге асып жүр! Анан дагы үстүнө узун жоолук жаап, анын үстүнө башка кийим илип коюп жүр, ботом. Анда эмне илинип турганы көрүнбөсүн! Намысыбыз, адебибиз жоголсо, ыйманыбыз да жоголот!” деди.

Мен болсо ал кезде 12 жашар секелек кыз элем. Апам буларды айтып жатканда жерге кирип кете жаздагам. Азыр ошондойбу? Өткөндө балконго чыга калсам, маңдайкы кошуна, баардык кирин жайып коюптур, уялып кайра кирип кеттим. Анан дагы азыркы заманда сыртта, көчөдө тамактанышчу болду. "Көз акысы" деген бар, эч ким муну ойлонгон жок. Базардан алынган азыктар да ичи көрүнгөн баштыктарда үйгө алынып келинет; аларды ала алган да бар, ала албаган да болот. Көз акысы, кызганычты туудурат. Минтип желген азыктар аш болобу? Бүгүн жыт менен, мактануу менен чөйрөдөгүлөр капа кылынууда. Анан албетте, жегениңер аш болбой, “депрессия” болуп, дарыгерге көрүнөсүңөр. Үйдүн дагы бир адеби бар, эң маанилүүсү ушул, менимче. Үйдүн ичинде болуп өткөн окуялар эч качан сыртта айтылбаш керек: желип-ичилгендер, уруш-талаштар, бактылуу учурлар. Бул да үйдүн намысы болуп эсептелинет жана эч кимге айтылбашы керек. Ошон үчүн илгери үй ичиндеги маселелер оңой эле чечилчү. Анын үстүнө өзгөчө эрди-катындын ортосунда болуп өткөн окуялардын чөйрөгө жайылтылуусун эң чоң күнөө экендиги айтылып келген. Туурабы, Лейла? – деп келинине кайрылды.

Келини Лейла уялып: "Ооба, апаке" дей алды жөн гана...

Небереси:

- Чоң эне, азыр интернет, одноклассники деген бар, адамдар барган ресторандарынан баштап, жеген тамактарына чейин сүрөткө тартып, аны миңдеген адамдарга көрсөтүшөт!..

- Ий, кокуй, уят.. Адам жегенин кантип көрсөтсүн?..

- Ах, энеке, ал эмне болуп калыптыр, майда- чүйдөсүнө чейин бөлүшүшөт. Кыдырган жерлерин, жеген тамак-аштарын, алган буюмдарын, кийим-кечесин, жадагалса аялдар күйөөлөрүнүн алган гүлдөрүн жана жазган каттарына чейин көрсөтүшөт.

- Балам, сен эмне деп жатасың? Кыямат күнү келди дечи. Үйлөр жылаңач болду дечи...- деп кемпир көз жашын көлдөтүп сөзүн улантты:

- Биз күйөөлөрүбүз менен жанаша баскандан да арданчубуз, жесир калгандар бар, турмушка чыга албагандар бар. Алардын көңүлүндөгү жараларга туз себе көрбөйлү деп күйөөлөрүбүздөн бир кадам артта басчубуз... Азыр болсо уруш-талаш ортодо, сүйүүлөр ортодо... Албетте, жеке жашоо калбаган соң, чын жүрөктөн жасалган иштер да жоголот. Үйдүн берекети - улууларды сыйлоодо жатат! Үйдүн намысы - жабылган пардалар. Сүйүүнүн намысы - жашыруун болууда. Көздүн намысы - сурмаларда. Дененин намысы - жабынууда. Уялуу - ыймандын бир бөлүгү. Анда келини:

- Туура айтасыз апа. Биз намысыбызды жоготкон сайын санааларыбыз, жүрөк-заадаларыбыз көбөйдү, -деди уялыңкы.

Небереси акырын кашыгын коюп жатып:

- Апа, мен атам келгенде тамактанам" – деп аста секин ашканадан чыгып кетти…

Баян интернет булактарынан алынды

 

Последние новости