www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы Көчмөндөр оюндарында көк бөрү тай казансыз өтөт

Түркияда өтө турчу Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү оюну тай казансыз өтөт. Мындай чечимди Эл аралык көк бөрү федерациясы 22-февралда Түркияда өткөн жыйында кабыл алды.

Маалыматка караганда, Кыргызстан көк  бөрү оюнунда  тай казанды колдонуу сунушун көтөрүп чыккан. Бирок, форумдун көпчүлүк мүчөлөрү тай казансыз өткөрүүнү колдоп чыккандыгына байланыштуу, көпчүлүктүн сунушу менен ал кабыл алынган жок. 

Белгилей кетсек, буга чейин Эл аралык көк бөрү федерациясы оюндун эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизген болчу. Негизги өзгөрүүлөр — 20 мүнөттөн өткөн 2 таймда тай казан колдонулбайт. Ал эми Кыргызстандын аймагындагы көк бөрү мелдештери 20 мүнөттөн 3 таймга созулуп, тай казан пайдаланылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости