www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Марлен Маматалиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады.
Жолдогон катында тарыхый байланышы терең, тили, ишеними жана маданий баалуулуктары окшош эки элдин алакасы соңку жылдары бардык тармактар боюнча алдыга жылганын белгилеген Нуман Куртулмуш анын ичинен парламенттер аралык кызматташтык да туруктуу өнүгүп жатканын кошумчалаган.
«Жаңы кызмат мөөнөтүңүздө да биздин бекем кызматташтыгыбыз жигердүү улана берет деп ишенем. Учурдан пайдаланып Сиздин жоопкерчиликтүү ишиңизге ийгиликтерди каалайм», – деп жазылган куттуктоо телеграммасында.