www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурматов үй камагына чыгарылганын жубайы маалымдады.

Анын айтымында, Нурматовго Түркиянын аймагынан чыгууга тыюу салынган, ал мейманканада жашап турат.

Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да маалымат берип, мугалим Газиантеп провинциясынын сотунун 9-майдагы чечиминен улам үй камагына чыгарылганын билдирди.

"Министрлик Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Нурматовдун жактоочусу менен биргеликте анын мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоону улантууда. Маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат", – дешти мекемеден.

Эске салсак, Караколдогу Кусейин Карасаев атындагы балдар лицейинин мугалими Азамат Нурматов апрелдин аягында окуучуларын математика боюнча эл аралык олимпиадага алып бара жатып, Түркияга киргенде Стамбулдун аэропортунан кармалган. Ал "Маариф" мектебинде иштейт, өзү да "Сапат" түрк лицейин бүтүргөн.

28-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде кыргызстандык мугалим "Хизмет" (Түркияда террордук уюм катары таанылган ) кыймылына тиешелүү иш боюнча кармалганын билдирген.

"Нурматов 2016-2017-жылдары аскерий төңкөрүш болгон маалда Түркиядагы бир жатаканада жашаган экен. Ошол кезде көбүнчө Фетхуллах Гүллендин колдоочулары пайдаланган уюлдук тиркемени колдонуптур. Түрк тарап ошонун негизинде Нурматовго издөө жарыялаган", — деген Имангазиев.

Министрдин орун басары педагогдун жактоочусу менен ТИМ кызматкерлери тыгыз иштешип жатканын, маселе көзөмөлдө экенин кошумчалаган.

FETO кыймылы Түркияда террордук уюм деп таанылган. Анын негиздөөчүсү маркум Фетхуллах Гүлен 2016-жылы жайында Түркияда 250дөй адам набыт болгон төңкөрүштү жасоого аракет кылган деп шектелип келген. Бул окуялардан кийин өлкөдө даабатчылар, кыймылдын миңдеген жактоочулары кармалган. Гүлен 1999-жылдан бери АКШда жашап, былтыр октябрда көз жумган.

Последние новости