www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа Биримдиги Түркия менен визалык режимди либералдаштыруу боюнча ишти улантууда.
Маалыматка ылайык, Түркия аткарышы керек болгон 72 талаптын 66сы аткарылган. Калган 6 талап терроризмге каршы мыйзам, жеке маалыматтарды коргоо, коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш, негизги укуктар жана сот реформасы, ошондой эле реадмиссия келишимин натыйжалуу ишке ашырууга байланыштуу.
Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз 8-августта калган талаптар боюнча иш башталганын билдирген.
Талаптар аткарылып, тиешелүү процесстер аяктаса, Түркиянын жарандары Шенген аймагына визасыз бара алышы мүмкүн.