www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда кармалган Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржановдун кылмыш иши боюнча соттук териштирүү 9-сентябрда Измир шаарында башталат. Бул тууралуу анын жубайы Аделина Касымова билдирди. Анын айтымында, Сабыржанов учурда Анкарадагы «Синжан» абагында кармалууда.
34 жаштагы Эрмек Сабыржанов Фетхуллах Гүлендин «Хизмет» кыймылына байланышы бар деген шек менен 22-майда Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунан кармалган. Ал жубайы жана үч баласы менен Түндүк Кипрге эс алууга бара жаткан. 23-майда камакка алынган.
Түркиянын укук коргоо органдары ага ФЕТОго байланышы бар деген айып коюуда. Сабыржанов 2014-жылы Измир шаарында билим алган.
ФЕТО Түркия бийлиги тарабынан 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине тиешеси бар деп табылган. Фетхуллах Гүлен бул айыптоолорду четке каккан. Ал 2024-жылдын октябрында АКШда 83 жашында каза болгон.