www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия бул өлкөлөрдүн НАТОго кошулуусу үчүн Финляндия жана Швеция менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Financial Times (FT) өз булактарына таянуу менен билдирди.

Бул сүйлөшүүлөрдө Анкарага Стокгольм менен Хельсинкинин альянска кирүү өтүнүчтөрүн жактыра турган чечим табуу пландалганы белгиленген. Түркия тарабынан бул жолугушууну өткөрүүнүн негизги шарттарынын бири Финляндия жана Швеция тарабынан бул өлкөлөрдүн Күрдистан жумушчу партиясы менен байланыштарын токтотуу боюнча конкреттүү сунуштарды бериши болду.

Түндүк Атлантикалык альянстагы булак басылмага "Альянстын ортомчулугу менен үч тараптуу жолугушуу түпкү максат болчу... бирок биз бул нерсеге келе элекпиз", - деп билдирди.

Бул боюнча Режеп Тайип Эрдоган Швеция жана Финляндия зарыл чараларды көрбөсө, алардын НАТОго мүчө болушу боюнча Түркия позициясын өзгөртпөй турганын кесе айткан.

Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия Швеция менен Финляндиянын бийликтеринен Анкара өлкөлөр алдына койгон бир катар ультиматумдар боюнча дагы эле жооп ала электигин билдирген.

Министрдин айтымында, Түркия мамлекеттердин альянска кошулуусуна алар анын шарттарын кабыл алганга чейин бөгөт коюуну улантат.

Эске салсак, 2022-жылдын 15-майында Швеция менен Финляндия Түндүк Атлантика альянсына кире турганы боюнча биринин артынан экинчиси маалымат тараткан. Бирок буга НАТОго мүчө болгон бир катар өлкөлөр, анын ичинен Италия нааразылыгын, Түркия каршы экендигин билдирген. Буга эки мамлекеттин Түркияда тыюу салынган Күрдистан жумушчу партиясын колдогону себеп экени айтылат. Өлкөлөрдүн союзга бардык мүчөлөрүнүн бир добуштан макулдугусуз кабыл алынышы мүмкүн эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости