www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия жана Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) Turkic ID долбоорунун үстүндө ишин улантууда. Демилге ишке ашса, уюмга мүчө өлкөлөрдүн жарандары чек арадан чет элдик паспортсуз, улуттук күбөлүгү (ID-карта) менен өтө алышат.

Бул долбоор түрк дүйнөсүндөгү интеграцияны тереңдетүүгө багытталган негизги демилгелердин бири катары бааланууда. Анын максаты – жарандардын жүрүп-туруусун жеңилдетүү, административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана экономикалык, гуманитардык, туристтик кызматташтыкты кеңейтүү.

Учурда Turkic ID долбоору талкуу жана макулдашуу баскычында турат. Толук ишке киргизүү боюнча акыркы чечимдер мүчө мамлекеттердин макулдашуусунан кийин кабыл алынат. Ошол эле учурда Түрк мамлекеттер уюму жарандардын эркин жүрүүсүн кеңейтүү боюнча иштерди улантып жатканын белгиледи.

Последние новости