www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамптын үй-бүлөсү анын экинчи президенттик мөөнөтү башталгандан бери криптовалютага байланышкан долбоорлордон кеминде 2,3 миллиард доллар киреше тапкан.
Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги жазды.
Агенттик Трамптын үй-бүлөсү криптовалюта тармагындагы төрт негизги долбоордон канча каражат тапканын, бул долбоорлоргө канча инвестиция салынганын жана чет элдик инвесторлор үчүн кандай жыйынтыктар болгонун талдап чыккан.
Маалыматка ылайык, апрель айынын аягына карата Трамптын үй-бүлөсү криптовалюта долбоорлорунан дээрлик эч кандай тобокелдиксиз 2,3 миллиард доллар киреше тапкан. Ошол эле мезгилде башка инвесторлор болжол менен 2,3 миллиард доллар өлчөмүндө чыгымга же мүмкүн болгон чыгымдарга дуушар болушкан.
Маалыматта Трамптын үй-бүлөсүнө киреше алып келген компаниялар катары «Уорлд Либерти Файнэншл», «Эй-Ай Файнэншл Корп» жана «Американ Биткойн» көрсөтүлгөн.
Айрыкча, «Уорлд Либерти Файнэншл» токендерди сатуудан болжол менен 1,4 миллиард доллар киреше тапкан.
Агенттиктин белгилөөсүнө караганда, бул долбоорлорду ишке ашырууга Дональд Трамптын уулдары Эрик Трамп жана Дональд Трамп кичүүсү дагы катышууда.