www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамп өзүнүн өлүмү же ага кол салуу болуп кетсе, вице-президент Жей Ди Вэнске арналган кат калтырганы тууралуу маалымат чыкты.

Бул тууралуу АКШ президентинин жардамчысынын орун басары Себастьян Горка “Pod Force One” подкастында айткан.

“New York Post” маалыматына ылайык, Горка президентке бир нерсе болуп кетсе колдонулуучу мураскорлук эрежелери бар экенин белгилеген. Ак Үйдүн өкүлүнүн айтымында, мындай кадамды кандайдыр бир “тышкы душман” жасайт деп олуттуу кооптонуу жок.

“Resolute үстөлүнүн тартмасында президентке бир нерсе болсо вице-президентке арналган кат бар… Бизде протоколдор бар, ишенип коюңуздар”, - деген Горка.

Дональд Трамп акыркы жылдары бир нече жолу кол салуу аракеттерине кабылган. Маселен, 2024-жылдын июлунда шайлоо өнөктүгү учурунда өткөн митингде 20 жаштагы Томас Крокс Трампка сегиз жолу ок чыгарып, анын кулагынан жарадар кылган. Аткан адам Кошмо Штаттардын Жашыруун кызматынын каршы снайпердик тобу тарабынан зыянсыздандырылган.

Ошол эле жылдын күзүндө Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Флоридадагы гольф клубунда Трампка пландалган кол салууну алдын алган. Трамп жабыркаган эмес. Тартип коргоо органдары 58 жаштагы Райан Рутту кармап, ал 2026-жылдын февралында өмүр бою эркинен ажыратылган.

Мындан тышкары, быйыл 25-апрелде Вашингтондогу “Washington Hilton” мейманканасында өткөн Ак Үйдүн корреспонденттер ассоциациясынын кечки тамагында атышуу болуп, анда Трамп да катышкан. Бул окуя Ак Үй тарабынан Трамптын өмүрүнө жасалган кол салуу катары бааланган.

Май айында Дональд Трамп 2028-жылдагы президенттик шайлоодо өзүнүн “идеалдуу мураскорлору” катары вице-президент Жей Ди Вэнсти жана мамлекеттик катчы Марко Рубиону атаган. Анын айтымында, бул саясатчылар “каалаган команда” түзө алышат.

“Жей Ди – эң идеалдуу вариант”, — деп кошумчалаган Трамп.

Последние новости