www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Иранга Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотууга жана аймактагы чыңалууну азайтууга багытталган 15 талаптан турган документ сунуштады.
Бул документ Иран жетекчилигине Пакистан аркылуу жеткирилген. Анда негизги көңүл өлкөнүн өзөктүк программасына, ракеталык мүмкүнчүлүктөрүнө, аймактагы прокси күчтөрүнө жана Ормуз кысыгынын айланасындагы абалга бурулган.
Талаптар төмөнкүлөр:
1. Иран өзүнүн учурдагы өзөктүк потенциалын толугу менен жоюуга тийиш.
2. Иран эч качан өзөктүк куралга ээ болбоо милдеттенмесин алышы керек.
3. Иран аймагында уран байытуу жүргүзүлбөшү керек.
4. Иран жакын арада 60% байытылган 450 кг уранды толугу менен МАГАТЭге өткөрүп берүүгө тийиш.
5. Ирандын Натанз, Исфахан жана Фордо шаарларындагы өзөктүк объектилери жоюлушу керек.
6. МАГАТЭге Иран аймагында толук жеткиликтүүлүк, ачык-айкындуулук жана көзөмөл камсыздалышы зарыл.
7. Иран аймактагы прокси күчтөр саясатын токтотууга тийиш.
8. Иран өзүнүн аймактык союздаш күчтөрүн каржылоону, багыттоону жана куралдандырууну токтотушу керек.
9. Ормуз кысыгы кайра ачылып, эркин деңиз каттамы үчүн толук иштеши зарыл.
10. Ирандын ракеталык программасынын алыстыгы жана саны боюнча чектөөлөр киргизилет (так шарттары кийин аныкталат).
11. Иран ракеталарды өзүн-өзү коргоо максатында гана колдонууга укуктуу болот.
12. Иранга каршы киргизилген бардык санкциялар толугу менен алынат.
13. АКШ Иранга жарандык өзөктүк программаны өнүктүрүүгө жардам берет, анын ичинде Бушер атомдук электр станциясында электр энергиясын өндүрүү.
14. Эгер Иран шарттарды бузса, бардык санкциялар кайра киргизилет.
15. Санкцияларды автоматтык түрдө кайра калыбына келтирүү механизми жокко чыгарылат.