www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүн оң баалады. Ал бул тууралуу Truth Social социалдык тармагында билдирди.

"Азыр гана Орусия президенти Владимир Путин менен эки сааттык сүйлөшүүм бүттү. Ал абдан жакшы өттү деп эсептейм", — деп жазды Ак үйдүн башчысы.

Анын айтымында, сүйлөшүүнүн атмосферасы мыкты болгон. Америкалык лидер Орусиянын Украинадагы жаңжал бүткөндөн кийин АКШ менен кеңири соода жүргүзүүгө кызыктар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Путин да бул сүйлөшүүнү мазмундуу, ачык жана абдан пайдалуу деп мүнөздөдү.

Мамлекет башчылары дүйшөмбү күнү сүйлөшүшкөн. Бул Трамп кызматка киришкенден кийин алардын үчүнчү жолу баарлашуусу болду. Биринчи сүйлөшүү 12-февралда, экинчиси 18-мартта өткөн.

Последние новости