www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп Түркияда өтө турган НАТО саммитинде Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу маселеси негизги темалардын бири болорун билдирди.
Анын айтымында, саммиттин жүрүшүндө тараптарды тынчтык келишимине жеткирүүнүн жолдору талкууланат.
«Биз НАТО саммитине барабыз, бул маселени талкуулайбыз. Украинадагы согушту токтотууга абдан жакындап калдык деп ойлойм. Орусия менен Украинанын лидерлери да келишимге жетүүнү каалашат», — деген Трамп.
Ошондой эле ал бул согушта учкучсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) ролу кескин өскөнүн белгилеп, алардын оор аскердик техниканы да жок кыла аларын айтты.