www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп 27-августта Иран менен кызматташкан кытай банктарына санкция киргизилиши мүмкүн экенин билдирди.
Журналисттердин бири Иран менен бизнес жүргүзгөн кытай банктарына эмне үчүн санкция салынбай турганын сурады.
Трамп бул суроого: «Муну кылбай жатам деп ким айтты? Эмне үчүн болбосун? Силер менин эмне кылып жатканымды билбейсиңер. Мен баарын жарыялашым керек эмес», — деп жооп берди.
Кытай ТИМинин расмий өкүлү Линь Цзянь 21-августта АКШнын Иран менен кызматташкан өлкөлөргө каршы бир тараптуу санкцияларын мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирген. Ал Пекин тараптарды аскердик жана санкциялык басымдан баш тартып, маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырарын белгилеген.