www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
РИА Новости АКШ президенти Дональд Трамп "Кубаны басып алуу" намыс алып берчү иш экени тууралуу айтканын жазды.
- Бул – чоң сыймык. Бошотомбу, басып аламбы, менимче, Куба боюнча каалаганымды жасай алсам керек", - деген ал.
Анткен менен Трамп Кубаны Иран жана Венесуэладай кылар-кылбасын айтуудан баш тартты. Бирок ушу тапта Куба кыйла алсырап тургандыктан АКШ аны каалагандай калчай аларын белгилеген. Ал буга чейин да Кубаны "төңкөрүш" менен коркуткан.
Азыркы тапта Кубада энергетикалык кризис каптап, өлкөдө нааразылык акциялары өтүүдө. Буга 29-январда Трамптын Кубага мунай жеткирген мамлекеттердин товарына бажы салыгын киргизген жарлыгы себеп болду. Натыйжада Куба отун кризисине кабылды. АКШ мындай энергетикалык блокада аркылуу Карибдеги өлкөнүн экономикасын кыйратып, элинин жашоосун кыйындатты.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков абалды өтө курч деп сыпаттап, Кубага жардам берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканын билдирди.